whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
14.05.2025
19.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыЕвробиримдик 61 өлкө үчүн визасыз режимди катаалдаштырууну карайт

Евробиримдик 61 өлкө үчүн визасыз режимди катаалдаштырууну карайт

Евробиримдик визасыз режимге ээ болгон 61 өлкөнүн, анын ичинде Батыш Балкан өлкөлөрү, Грузия, Молдова жана Украина сыяктуу шаркетке мүчө болууну көздөгөн мамлекеттердин жарандары үчүн визалык эрежелерди катаалдаштырууну мерчемдеп жатканы маалымдалды.

Муну менен Евробиримдик мыйзамсыз миграцияны ооздуктоо жана виза саясатын үчүнчү өлкөлөргө саясий басым куралы катары колдонууну көздөйт.

Визасыз режим үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарына шаркеттин аймагына 180 күндүн ичинде 90 күнгө чейин визасыз кирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Косово 2024-жылы тизмеге кирсе, Грузия менен Украина 2017-жылы кошулган эле.

Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, эгер визасыз режимдеги өлкө Евробиримдиктин визалык саясатына дал келбесе, мисалы, үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарына ашыкча жеңилдик берсе, бул эркиндик токтотулушу мүмкүн.

2022-жылы Сербия Индия, Бурунди жана Куба сыяктуу өлкөлөрдүн жарандарына визасыз кирүүгө уруксат бергенде көптөгөн жарандар шаркетке Сербия аркылуу өтө башташкан. Ошондон кийин Белград жогорудагы өлкөлөр менен визасыз режимин токтоткон.

Визаны убактылуу токтотуунун дагы бир себеби бул «гибриддик коркунучтар» деп аталган жагдайлар экени айтылды.

Үчүнчү себеп — «инвестордук жарандык» схемасы. Эгер бир өлкө акчага жарандык берип жатса, бул да визалык эркиндикти токтотууга негиз болушу мүмкүн.

Ошондой эле жаңы мыйзам долбоорунда эгер кайсы бир өлкөдө “адам укуктарынын одоно бузулушу «, же болбосо «эл аралык укуктун жана эл аралык соттордун чечимдеринин олуттуу бузулушу” байкалса, визалык эркиндик убактылуу токтотулушу мүмкүн деп белгиленет.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар