Башкы беткеРубрикаларЭкономикаБишкекте суунун тарифи 50 пайызга чейин кымбатташы мүмкүн

Бишкекте суунун тарифи 50 пайызга чейин кымбатташы мүмкүн

Бишкек шаардык мэриясы суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу (канализация) кызматтарынын тарифтерин жогорулатууну сунуштап жатат. Тиешелүү долбоор шаардык кеңештин кароосуна киргизилди.

Документке ылайык, калк үчүн суунун базалык тарифи 1 кубометр үчүн 15,73 сом, ал эми канализация үчүн 6,8 сом болушу мүмкүн. Бул тарифтер Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен макулдашылган.

Коммерциялык керектөөчүлөр үчүн жогорулатылган коэффициенттер каралган. Көпчүлүк уюмдар үчүн коэффициент 2,1ди түзсө, сууну көп колдонгон ишканалар, мисалы, автоунаа жуучу жайлар, мончолор, сауналар жана мал союучу жайлар үчүн 3кө чейин жетет.

Мындан тышкары, көп кабаттуу үйлөрдүн ички инженердик тармактарын тейлөө акысы да көбөйүшү мүмкүн. Жаңы сунуш боюнча ал жылына 1 чарчы метр үчүн 26,4 сомду түзүп, айына орточо 2,2 сомдон туура келет.

Мэрия тарифтерди көтөрүү зарылдыгын «Бишкексууканал» ишканасынын чыгымдарынын өсүшү менен түшүндүрүүдө. Акыркы жылдары электр энергиясына жумшалган каражат дээрлик эки эсеге көбөйүп, мындан ары да өсүшү күтүлүүдө. Ошондой эле ишкана кредиттик милдеттенмелерди жана инфраструктуралык долбоорлорду каржылоону улантууда.

Азыркы учурда калк үчүн тарифтер: суу — 10,45 сом, канализация үчүн 3,45 сом. Жаңы тарифтер боюнча акыркы чечимди Бишкек шаардык кеңеши кабыл алат.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар