Башкы беткеМинистрлер кабинети“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” форумунун үчүнчү этабына даярдык талкууланды

“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” форумунун үчүнчү этабына даярдык талкууланды

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинде “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” аттуу чыгармачыл союздардын жана илимий интеллигенциянын республикалык форумунун үчүнчү этабын өткөрүүгө арналган жыйын болуп өттү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арсалн Койчиев, Президенттин Администрациясынын өкүлү Октябрь Капалбаев жана маданият министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков катышты.

Иш-чарада форумдун мааниси, максаттары жана милдеттери талкууланып, үчүнчү этапты уюштуруу боюнча сунуш-пикирлер айтылды. Катышуучулар форум улуттук маданий баалуулуктарды даңазалоого жана чыгармачыл коомчулук менен илимий интеллигенциянын кызматташтыгын бекемдөөгө чоң салым кошорун белгилешти.

Жыйындын жыйынтыгында форумдун үчүнчү этабын даярдоо жана өткөрүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар