Кыргыз Республикасында жаш ата-энелер үчүн окуу программаларын иштеп чыгуу жана курстарды өткөрүү тартибин жөнгө салган жаңы жобо бекитилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Бул документ Кыргыз Республикасынын «Жаштар жөнүндө» мыйзамын ишке ашыруунун алкагында кабыл алынып, жаш үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган. Жобонун негизги максаты — үй-бүлө институтун чыңдоо, жоопкерчиликтүү ата-энеликти калыптандыруу жана жаш ата-энелердин психологиялык-педагогикалык билим деңгээлин жогорулатуу.
Жаңы жобого ылайык, никеге турууга даярданып жаткан жарандар жана жаш ата-энелер үчүн атайын окуу курстары уюштурулат. Бул курстарда үй-бүлөлүк мамилелер, бала тарбиясы, психология, ата-энелик жоопкерчилик жана үй-бүлөдөгү баалуулуктар боюнча билим берүү каралат.
Токтомдун алкагында:
- окуу программаларынын түзүмүнө бирдиктүү талаптар белгиленет;
- окутуу курстарын уюштуруунун тартиби аныкталат;
- жаш үй-бүлөлөрдүн билим алуусуна шарт түзүлөт.
Документти ишке ашырууга байланышкан чыгымдар тиешелүү жылдарга бекитилген мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражаттарынын эсебинен, ошондой эле мыйзамдарда тыюу салынбаган башка булактар аркылуу каржыланат.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги өз нормативдик актыларын ушул токтомго ылайык келтирүүгө милдеттендирилди.
Жаңы жобо жаш ата-энелерге керектүү билим берип, үй-бүлөдөгү жоопкерчиликти жогорулатууга жана коомдогу үй-бүлө институтун бекемдөөгө багытталган.

