Кыргызстан менен Кытай чек ара өткөрүү пункттарын күнү-түнү иштөө режимине өткөрүү боюнча макулдашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын министри Суй Мэйцзюндун эки тараптуу жолугушуусунда белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрүү пункттарын бара-бара 24 сааттык иштөө тартибине өткөрүү максатында биргелешкен кадамдар пландалууда. Алгачкы этапта «Эркечтам» өткөрмөсүнө жакын жайгашкан пункттардын ишин кайра карап чыгуу каралууда.
Мындан тышкары, «Смарт бажы» концепциясын ишке ашыруу боюнча – жол-жоболорду санариптештирүү, чек ара инфратүзүмүн өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу маселелерине өзгөчө басым жасалган.
Тараптар мындан аркы кызматташууну жигердүү улантууга жана чек арадагы маселелерди ыкчам чечүү үчүн онлайн форматта да байланышып турууга даяр экенин билдиришкени айтылат.