22-майда президент Садыр Жапаров Сауд Аравия Королдугунун Соода-өнөр жай палаталары федерациясынын башкармалыгынын төрагасы Хасан Моажеб Аль-Хувайзини жана падышалыктын ири компанияларынын өкүлдөрүн кабыл алды.
Маалыматка ылайык, жолугушууда инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө жана эки тараптуу мамилелерди кеңейтүү маселелери талкууланды.
Мамлекет башчысы 21-майда Бишкекте өткөн кыргыз-сауд Ишкерлер кеңешинин экинчи жыйыны ийгиликтүү өткөнүн белгилеп, делегация Кыргызстандагы ишкерлер менен пайдалуу жана конструктивдүү байланышка ээ болгонун билдирди.
Президент өлкөдө жүргүзүлүп жаткан ири реформалар, инвестициялык климатты жакшыртуу аракеттери жана инфраструктуралык долбоорлор тууралуу маалымат берип, инвесторлордун укуктарын коргоо жана ишкердик үчүн шарттарды жакшыртуу багытында мыйзамдык чаралар кабыл алынганын айтты.
Садыр Жапаров кызматташуунун артыкчылыктуу тармактары катары энергетика, туризм, кыймылсыз мүлк, банк сектору, логистика, санариптештирүү жана айыл чарба продукциясынын экспортун атады.
Өз кезегинде Хасан Моажеб Аль-Хувайзи Кыргызстанды инвестициялык мүмкүнчүлүгү чоң, бирок азырынча толук пайдаланылбаган аймак катары сыпаттап, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди. Ал эки тараптуу кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө даяр экенин белгиледи.