Башкы беткеСаясат жана коомКоомСвердлов районунда 7 айда 94 өрт кырсыгы катталган

Свердлов районунда 7 айда 94 өрт кырсыгы катталган

Үстүбүздөгү жылдын 7 айында Свердлов районунда 94 өрт кырсыгы катталган. Өрттүн кесепетинен адам өлүмү катталган жок. Жалпы 87 764 479 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Өрттүн келип чыгуу себептери:

  • этиятсыздык менен чылым чегүүдөн – 13;
  • электр жабдуулардын техникалык эксплуатациялоосунун бузулушу – 35;
  • отко этиятсыздык менен мамиле кылуудан – 6;
  • автотехникаларын эксплуатациалоодо өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу – 3;
  • от мештерин жана морлорун туура эмес жайгаштыруудан – 6;
  • тиричилик электр буюмдардын экспл. өрт коопсуздугунун бузулушу – 4;
  • балдардын шоктугунун натыйжасында – 3;
  • ширетүү убагында өрткө болгон эрежелерди сактабагандыктан – 6;
  • жана башка себептерден – 18.

Кырсыктын чыгышына адам факторунун таасири күч экендигин тажрыйба көрсөтүүдө. Урматтуу замандаштар, кичинекей учкун да өрттүн тутанышына алып келет. Сак бололу!

Эгерде өрт кырсыгы катталса, өз учурунда 101 жана 112 телефонуна чалыңыздар.

Свердлов районунун Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн Өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн улук офицери капитан Саматбек уулу Айдарбек.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар