whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
14.01.2026
-4.9 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыАКШга кирүү үчүн күрөө төлөөчү өлкөлөрдүн тизмесине Кыргызстан кошулду

АКШга кирүү үчүн күрөө төлөөчү өлкөлөрдүн тизмесине Кыргызстан кошулду

АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы өлкөгө кирүү үчүн каржылык күрөө талап кылынган мамлекеттердин тизмесин кеңейтип, ага Кыргызстанды да кошту. Тизмеге жалпысынан 25 жаңы өлкө кирип, жалпы саны 38ге жетти. Борбор Азиядан Кыргызстан менен катар Тажикстан жана Түркмөнстан да бар.

Жаңы талапка ылайык, кыргыз жарандары B1/B2 (туристтик жана иш сапар) визасына арыз берип, жактырылган учурда 5 миңден 15 миң долларга чейин күрөө төлөөгө тийиш. Күрөөнүн так суммасын консул маектешүү учурунда жеке аныктайт. Бул талап 21-январдан тартып күчүнө кирет.

АКШнын Мамлекеттик департаменти күрөө талап кылынган өлкөлөрдүн тизмесин расмий сайтында жарыялаган. Анда Алжир, Ангола, Бангладеш, Куба, Венесуэла жана башка мамлекеттер да бар.

Ошол эле учурда өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов АКШ жарандары үчүн Кыргызстандагы визасыз режимди кайра карап чыгууну сунуштады.

Эске салсак, былтыр июль айынан тартып кыргызстандыктар үчүн АКШ визасынын мөөнөтү 10 жылдан 3 айга чейин кыскартылган. АКШ элчилигинин маалыматына ылайык, бул чаралар улуттук жана коомдук коопсуздукка байланыштуу кабыл алынган.

Гезит

Ааламды кыймылдаткан акча жаатынан…

Доллар – дүйнөдө эң маанилүү валютаАКШ доллары бүгүнкү күнгө чейин дүйнөнүн негизги резервдик валютасы болуп эсептелет жана көптөгөн улуттук банктардын валюталык резервдеринин эң чоң...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар