Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча регионалдык директору Наджи Бенхасин менен жолукту.
Жолугушууда Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын кызматташтыгынын негизги маселелери жана аны кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Адылбек Касымалиев уюмга көп жылдык стратегиялык өнөктөштүгү үчүн ыраазычылык билдирип, банктын өлкө үчүн маанилүү долбоорлорду каржылоодогу ордун белгиледи.
Ал Кыргызстанда акыркы үч жылда ИДПнын орточо өсүү темпи 9%ды түзгөнүн, 2025-жылдын январь–июль айларында бул көрсөткүч 11,5%га жеткенин айтты. Ошондой эле 2030-жылга чейин ИДПны 30 млрд АКШ долларына жеткирүү максатын белгилеп, Улуттук өнүктүрүү программасынын артыкчылыктуу багыттары катары индустриялаштыруу, аймактык хаб түзүү, айыл чарба жана туризмди өнүктүрүү, «жашыл» энергетика жана Камбарата ГЭС-1 долбооруна өзгөчө көңүл бурду.
Наджи Бенхасин Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы долбоорлорду колдоону улантууга даяр экенин айтып, өлкөнүн экономикасынын өсүү темпи эл аралык инвесторлор үчүн чоң кызыгуу жаратып жатканын белгиледи.
Жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты мындан ары да чыңдоо жана кеңейтүү ниеттерин ырасташты.

