Башкы беткеМаанилүүКыргызстан Кытай менен кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр

Кыргызстан Кытай менен кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр

Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кытайдын Цзянси провинциясынын Элдик саясий консультативдик кеңешинин төрагасынын орун басары Чэнь Синчао жетектеген делегация менен жолукту.

Жолугушууда тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгынын келечегин, айрыкча аймактар аралык байланышты чыңдоо маселелерин талкуулашты.

Эдил Байсалов Кыргызстан менен Кытайды коңшулаштык, ишеним жана стратегиялык өнөктөштүк байланыштары бириктирерин белгилеп, Цзянси провинциясы менен экономика, инвестиция жана гуманитардык тармактарда кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде Чэнь Синчао провинциянын бай жаратылыш ресурстарын, өнүккөн өнөр жайын жана маданий мурасын тааныштырып, Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин айтты. Ал кыргыз тарапты Цзянси провинциясына чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты бардык багыттар боюнча мындан ары да өнүктүрүү ниеттерин ырасташты.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар