whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.11.2025
-0.9 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарТалас шаарында кымызчылар неге кыйналууда?

Талас шаарында кымызчылар неге кыйналууда?

Талас облусунда кымыздын сезону 29-апрелден башталган. Алгач бир литри 200 сомдон башталып, бирок эки айдын ичинде бир литри 120-130 сомго түшүп калды. Бирок быйыл кымыз сатуучуларды да жана кымыз ичкен кардарларды да сарсанаага салган көйгөй пайда болду. Борбордук базардын жанындагы Ислам Сарыгулов менен Асанбек Оторбаев көчөсүнүн кесилишиндеги чакан аянтчага кымыз саткан ишкерлерди тургузбай, айып салабыз дешип, Талас шаардык мэриясынын кызматкерлери байма-бай рейд жасашып, чилдей таратышты. Айласы кеткен ишкерлер ушул тапта ар кайсыл бурчта корголоп, эптеп, соодасын кылып жүдөп- какап оокат кылышууда.

– Жол кесилишине жашылча, буюм-тайым саткан көрүнүштөр туура эмес бирок  улуттук суусундук болгон, улуу кичүү дебей ден-соолуктарын чыңдоо үчүн ичип жаткан кымызга кыянаттык жасабай, 5-10 чарчы метр жерди жылдагыдай эле ылайыктап, уруксат бергиле, күнүнө мэрияга орунга төлөп туралы деп – ишкерлер безилдеп суранышса да чиновниктер караманча каршы болушту.

– Өткөн жылы Талас шаарынын 1-вице мэри Эркин Аскаров өтүнүчүбүздү, арыз муңубузду угуп, көйгөйлүү маселебизди ат үстүнөн, бюрократиялык менен мамиле кылбай, тез эле чечип, койду эле, эми такыр түгөнбөс түйшүк болду-деп ишкерлер күндө бушайман. Өткөн аптада Талас шаарынын жаңы дайындалган 1-вице мэри Айбек Көчөрбаев тосмолордун кычыгындагы көлөмдүү, темир калканычты (щит) бир саатта жыйнап, алып кеткиле деп буйрук берген эле.Ошол жерден эле шаар тургундары, ишкерлер «ал көлөмдүү темир калканыч ошол жерде кулатылып жатканына жарым жылдан ашык убакыт өттү. Дагы канча «суналып» жатат белгисиз. Андан көрө килейген темир суналып жатканча ал аянтчаны кымыз сатуучуларга ижарага берип койсоңор эң сонун болмок. Айылдын, элеттин деңгээлинде ой жүгүртпөй, борбордук Бишкек шаарынын мисалында иш кылсанар реалдуу, адилеттүү болмок. Бишкекте көп жерлерде улуттук суусундуктарды сатып, элди сонун тейлеп жатышат. Көл кылаасындагы шаарларда деле жол боюнда улуттук суусундуктарды сатуучу жайлар уюштурулган деген өтүнүч, сунуштарын билдиришти Азыр эми кымыз саткан ишкерлер кимге барып, өздөрүнүн көйгөйлүү маселелерин чечүүнү ойлоп,  КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаевге кирүүгө ниеттенишүүдө. Балким, маселе оң жагына чечилип калабы деп жакшы үмүт артышууда.

 Козубек  ИМАНКУЛОВ,
«Кыргыз Туусу» гезитинин
аймактык кабарчысы

Гезит

Диана Талгартбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар