Башкы беткеРубрикаларАймактар“Нарын-реновация” долбоорун ишке ашыруу

“Нарын-реновация” долбоорун ишке ашыруу

2025-жылдын 3-июлунда Нарын облусунун башчысы Нурбек Сатаров «Нарын-реновация» долбоорунун алкагында Нарын шаарында курулчу ири социалдык объекттердин орду менен жеринде таанышып чыкты. Текшерүү учурунда жетекчи ар бир курулуштун техникалык жана функционалдык жагдайларына өзгөчө көңүл бурду.

Инновациялык-креативдүү демилгелер борбору (ЦИКИ) облустук китепкананын аймагында жайгашат, аянты 5892 м түзүп, 467 млн. сом сарпталат. Жетекчи имараттын фасаддык көрүнүшү, ички пландоосу жана архитектуралык шайкештиги боюнча сунуштарын берип, заманбап жана функционалдуу форматты камсыз кылуу тапшырмасын берди.

Балдар үчүн оюн-зоок борборун С.Орозбаков көчөсүндө куруу пландалуу-да. Аянты: 648 м, каражаты 94 млн. сом керектелет. Нурбек Сатаров балдар үчүн коопсуздук, инженердик тутумдардын ишенимдүүлүгү жана жөө жүрүүчү зонадагы жайлуулук боюнча талаптарды так сактоону тапшырды.

Учурда эскилиги жеткен мончону бузуу иштери жүрүп жатат. Анын ордуна “Городок” аймагында курулчу үч кабаттуу заманбап муниципалдык мончо боюнча жетекчи эмгек жана техникалык коопсуздукту сактоо маселесине өзгөчө көңүл бурууну эскертип, атайын техникалык жабдуулар менен көмөк көрсөтүлөрү белгиленди. Жаңы мончонун аянты 2304 м, сарп-талчу каражаты – 162 млн. сом.

Бул объекттер Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашырылууда.

Облустук жетекчи Нурбек Сатаров иштердин сапатына жана өз убагында бүткөрүлүшүнө көзөмөл мындан ары да жергиликтүү бийлик тарабынан системалуу түрдө жүргүзүлөрүн билдирди.

Айнура ДҮЙШӨК кызы

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар