Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыИзраиль менен ХАМАСтын делегациялары ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөр башталат

Израиль менен ХАМАСтын делегациялары ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөр башталат

Бүгүн Египеттин Шарм-эш-Шейх шаарында Израиль менен ХАМАСтын делегациялары ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрү башталат. Жолугушуу АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп иштеп чыккан планга негизделмекчи.

Египеттин Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, сүйлөшүүлөрдүн негизги маселеси – ХАМАС кармап турган туткундарды Израил түрмөсүндөгү палестиналык айыпталуучуларга алмаштыруу болот.

ХАМАС планга жарым-жартылай макулдугун берип, дал ушул пункттар талкууга коюлат.

Буга чейин Дональд Трамп Израилди анклавды бомбалоону токтотууга чакырып, бул сүйлөшүүлөрдү баштоого жол ачкан. Израил армиясы да Газа секторундагы чабуулду токтотуп, коргонуу абалына өткөнүн жарыялаган.

АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стив Уиткофф сүйлөшүүлөргө катышары кабарланды.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар