Башкы беткеМаанилүүКыргызстандын курама командасы III Азия жаштар оюндарына аттанды

Кыргызстандын курама командасы III Азия жаштар оюндарына аттанды

Кыргызстандык спортчулар 22–31-октябрь күндөрү Бахрейн Падышалыгынын борбору Манама шаарында өтө турган III Азия жаштар оюндарына катышуу үчүн жөнөп кетишти.

Бишкектеги Спорт ордосунда өткөн узатуу аземинде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышып, команданын капитандары Улан Майрамбеков менен Доминика Чернецкага мамлекеттик тууну расмий тапшырды.

Өз сөзүндө Байсалов спортчуларды чоң жоопкерчилик жана намыс күтүп турганын белгилеп, ийгилик каалады:

“Биз силерден ‘алтын’ алып келгиле деп эмес, жеңиш менен кайтып келгиле деп каалайбыз. Кыргызстаныбыздын туусун желбиретип, элдин сыймыгын алып келгиле. Ийгилик эмгек жана дисциплина менен келет,” — деди ал.

Ал ошондой эле 145 спортчу III Азия жаштар оюндарына аттанып жатканы өлкө үчүн чоң жетишкендик экенин белгилеп, машыктыруучулар менен спортчуларга ийгилик каалады.

Эске салсак, II Азия жаштар оюндары 2013-жылы Кытай Эл Республикасында өткөн жана анда Кыргызстанды 6 спорт түрү боюнча 14 спортчу өкүлчүлүк кылган.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар