Президент Садыр Жапаров “Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл аймагын райондук маанидеги шаар категориясына киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттин расмий сайты билдирди.
Мыйзамды Жогорку Кеңеш 25-сентябрда үч окууда дээрлик бир добуштан кабыл алган.
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору Кудайберген Базарбаевдин айтымында, Гүлчө — Алай районунун администрациялык, маданий жана экономикалык борбору, инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн шаар макамын алуу зарыл болгон.
Кыргызстан мыйзамдарына ылайык, калкы 10 миң адамдан кем эмес конуштар шаар катары таанылышы мүмкүн. Гүлчөнүн калкы 14 миңден ашык.
Президент Садыр Жапаров бул демилге тууралуу Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган мааракеде айткан жана Гүлчөгө шаар макамын берүүнү тапшырган.
Мыйзам күчүнө киргенден кийин райондук мекемелерди кайра каттоо үчүн болжол менен 3 млн сом каражат талап кылынат.
Гүлчө — Алай районунун административдик борбору. Анда акимчилик, сот, укук коргоо, билим берүү, саламаттык сактоо жана башка тармактардын райондук бөлүмдөрү жайгашкан.

