Башкы беткеАба ырайыАйрым ашууларда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Айрым ашууларда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

10-мартта аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Кыргызстандын айрым ашууларында оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилди.

Бишкек—Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда жана Суусамыр—Талас—Тараз унаа жолундөгү Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди.

Учурда жол тейлөө кызматтары кар тазалоо, кум-туз аралашмасын себүү жана жол коопсуздугун камсыз кылуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп жатат. Жол кырдаалы туруктуу көзөмөлдө.

Маалыматка караганда, 2026-жылдын 10–15-март күндөрү өлкөнүн тоолуу аймактарында аба ырайы туруксуз болуп, кар көчкү түшүү жана кар күрткүсү күтүлөт. Ошондой эле жолдор тайгак болуп, муз тоңушу мүмкүн.

 

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар