Быйыл адамзаттын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун арабыздан кеткенине 17 жылдын жүзү болду. Кыргызстанда жана Айтматовдун талантын сыйлаган түрк тилдүү мамлекеттерде жыл сайын жазуучуну эскерүү ар кандай форматта өткөрүлүп келет. Быйыл 10-июнда Улуттук илимдер академиясында “Чыңгыз Айтматов – түрк дүйнөсүнүн келечеги” аттуу форум ТҮРКСОЙдун башкы катчылыгы, Анкара шаарындагы Ч.Айтматов институту жана УИАнын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институту тарабынан уюштурулганы менен жышанаалуу экенин белгилеп коюшубуз керек.
Форумда КРнын мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов сүйлөп, Анкарада ачылган Ч.Айтматов институту биз үчүн кубанычтуу окуя деп билдирди. Түркия биздин өлкөнүн эгемендүүлүгүн тааныган алгачкы мамлекет болгонун, ошондон бери биз менен стратегиялык өнөктөш мамлекет катары ар дайым экономикалык, социалдык, маданий тармактарда колдоо көрсөтүп, өзгөчө боордоштук мамиле жасап келатканын белгиледи. Чыңгыз Айтматов 20-кылымдын генийи экенин, ал азыркы заманды көрөгөчтүк кылып, тээ алда качан эле жазып койгонун, айтматовдук идеяларды терең изилдеп, жооп алуу зарылдыгын баса көрсөттү.
Форумда ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев, Түркиянын Анкара шаарындагы Ч.Айтматов институтунун аткаруучу директору Ильяс Топсакал, Өзбекстандын Олий мажилисинин депутаты Акмаль Саидов, Казакстан Республикасынын Жазуучулар союзунун төрагасы Мереке Кулкенов, ушул иш-чараны уюштуруунун башында турган УИАнын Тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан Акматалиев сөз
сүйлөштү.
Өзбекстандын өкүлү Акмаль Саидов Бүткүл дүйнөлүк Айтматов конгрессин түзүүнү, улуу жазуучунун китептеринин электрондук китепканасын уюштурууну сунуштады. Академик А.Акматалиев улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов – түрк дүйнөсүнүн руханий символу экенин белгилеп, анын чыгармалары түрк элдеринин тил биримдигин, маданиятын жана руханий мурасын дүйнөгө тааныткан уникалдуу адабий феномени болуп санала турганын билдирди.
Чыңгыз Айтматов түрк элдеринин ортосундагы руханий көпүрө экени эч талаш жаратпайт. Залкар жазуучубуз жараткан образдар – жалпы түрк дүйнөсүнүн жана адамзаттын мүнөзүн чагылдырган универсалдуу каармандар, чыгармалар ЮНЕСКОНУН эсебинде 180ге жакын тилге которулуп, түрк элдеринин мадания-тын глобалдык масштабда даңазалап келет. Айтматовдун чыгармаларында түрк дүйнөсүнө мүнөздүү мифология, табият менен адамдын биримдиги, ата-баба салты жана руханий нарк-насил чагылдырылган. Бул баалуулуктар түрк, казак, өзбек, азербайжан, түркмөн жана башка түрк элдеринин маданиятына да таандык.
Андан соң академик УИАнын Чыңгыз Айтматов атындагы адабият институту бүгүнкү күнгө чейин аткарып келген иштери, Анкарада ачылган Айтматов институту менен мындан ары да идеяларыбыз тогошот деген ойду билдирди.
Улуу жазуучунун ысымын алган адабий институт соңку 20-30 жылда Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү багытында аябагандай зор иштерди жасады. А.Акматалиев өзү айткандай, бүгүн Кыргызстанда, залкар жазуучунун өз мекенинде айтматов таануу илимин калыптанып гана тим болбостон, өркүндөп-өнүгүп жатат.
Институттун демилгеси менен Чыңгыз Айтматовдун 5,7,10 жана 12 томдук чыгармалар жыйнактары окурмандарга жетти. «Чыңгыз Айтматов» энциклопедиясы 3 томдук болуп чыкты. Мындан тышкары, Чыңгыз Айтматовго арналган изилдөөлөрдүн 8 томдугун топтоп чыгарышты. (5 том орус тилинде, 3 том кыргыз тилинде). Ч.Айтматовго арналган акындардын ырларынын 2 томдугун окурмандарга сунуш кылышты. Ч.Айтматовдун бардык чыгармаларынын аудио китебин даярдап чыгарышты. Ч.Айтматовдун чыгармаларын дүйнөлүк тилге которулушунун каталогун даярдашты жана ар түрдүү тилдерде чыккан китептерин жыйнай башташты.
Бүгүнкү күндө «Айтматов жана Түркия», «Айтматов жана Казакстан», «Айтматов жана Өзбекстан», «Айтматов жана Түркмөнстан» ж.б. аталыштагы энциклопедиялар даярдалууда.
Ч.Айтматовдун ысымын түбөлүккө калтыруу боюнча сунуштары орундалып, улуу жазуучуга арналган эстеликтер, парктар, мектептер, китепканалар ж.б. ачылууда. Ч.Айтматов атындагы адабий институт тарабынан ондогон эл аралык симпозиумдар, конресстер, конференциялар өткөрүлүп келди.
Академик А.Акматалиев ТҮРКСОЙ уюмунун Айтматов атындагы музей салуу, саммит өткөрүү боюнча сунуштарын колдой турганын билдирип, түрк тилдүү өлкөлөрдө Айтматовдун чыгармаларын мектеп, университет программаларына системалуу киргизүү; «Айтматов жана түрк дүйнөсү» аттуу эл аралык фестиваль ар жылы ар кайсы өлкөлөрдө өткөрүү жана түрк элдеринин маданиятын бириктирген майрамга айлантуу; түрк өлкөлөрдө Айтматов институтунун, Бишкектеги Коомдук Айтматов академиясынын, 1993-жылы түзүлгөн Айтматов клубунун (1989-жылы түзүлгөн) филиалдарын биргеликте ачуу; Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын цифралык жана мультимедиа форматында жеткизүү; Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлык (илим, адабият, искусство) уюштуруу сунуштарын киргизди.
– Чыңгыз Айтматов – түрк дүйнөсүнүн жүзү. Анын чыгармалары аркылуу келечек муундар түрк дүйнөсүнүн рухий байлыгын билип, сыймыктануу менен алат, – деди академик.
Форумдун жүрүшүндө анын катышуу-чулары тарабынан 1986-жылы Чыңгыз Айтматов уюштурган Ысык-Көл форуму тууралуу сөз болуп, биз аталган форумду өткөрүүнүн мураскерлери катары аны жандандырып кайрадан өткөрүү жөнүндө ойлор айтылды.
Залкар жазуучу жана 20-кылымдын чыгаан ойчулу Чыңгыз Айтматов демилгелеген форумду улантып, кайрадан жандандыруу демилгеси буга чейин “Кыргыз Туусу” гезити тарабынан айтылган.
Биз “Президент Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын коргоого жана өлкөбүздүн эл аралык аброюн көтөрүүгө багытталган көп багыттуу, прагматикалык жана жигердүү тышкы саясатына шайкеш – Кыргызстан дүйнөлүк демилгелердин ээси, кыргыз жери – акыл-ойдун чордону болуусу кажет экенин белгилеген элек.
Эмдиги жылы Ысык-Көл шеринесине 40 жыл толо турганын, учурунда Чыңгыз Айтматов башында турган Ысык-Көл шеринеси дүйнөлүк масштабдагы чоң окуя болгонун, азыр да Кыргызстан дүйнөлүк проблемаларды чечүүнү талкуулаган эл аралык форумдун автору болсо жараша турганын айтканбыз.
Дагы да кайталап айтсак, интеллектуалдардын бүткүл дүйнөлүк жаңы шеринеси – реалдуулук жана муктаждык. Белгилүү болгондой, чыгаан окумуштуулардын, аалам тагдырын аныктайм деген саясатчылардын, үлкөн бизнесмендердин, таанымал, таасирдүү адамдардын Рим клубу, Давос экономикалык форуму, Валдай форуму, Бильдерберг тобу сыяктуу институтташкан шеринелери, ачык же жабык клубдары, мамлекеттер же мамлекеттер тобу уюштурган туруктуу форумдар бар.
Адам жараткан проблемаларды адам гана чечүүгө тийиш. Айтматов бүгүнкү көйгөйлөрдү жарым кылым мурда эле айтып койгон (https://kyrgyztuusu.kg/archives/19140).
Ал кандай көйгөйлөр? Алар тууралуу форумдун айрым катышуучулары тарабынан айтылып, аалам катастрофа кырына келип, өз огунан чыкканы турганы, бул тууралуу Айтматовдун чыгармаларында эчак эле жазылганы, Айтматов өз чыгармаларына чекит койгону менен анын идеялары, ойлору кылымдар бою жашай берери, Айтматовдун раритети — адамзаттын рухуна негизделгени, залкар жазуучу 80 жылдык өмүрүндө кылымдарга жетчү идеяларды калтырып кеткени белгиленди.
Байлыгын тарттырып жиберген же жаңжалдар токтобогон мамлекеттердеги ачарчылык, жармач өлкөлөрдөгү жакырчылык, экологиялык көйгөйлөр, суунун тартыштыгы, илдеттер ж.б.у.с. проблемалардын бай жана байыркы тарыхы бар экени жашыруун эмес. Булар бүгүн глобалдык тренддер. Адам жараткан жасалма интеллект адамзатты башкара турган абалга жакындаганы кашкайган факт. Өзөктүк жана массалык кыргын салуучу куралдарга расмий турдө ээ мамлекеттер ошол кыйраткыч куралдарды колдонуудан кайра тартпайбыз деп опурулуп турганы эмнеден кабарлайт. А улуу Чыңгыз Айтматов көзү тирүүсүндө эле адамзат согуш маданиятынан качып, тынчтыкта жанаша жашоо маданиятына өтүш керектигин айтып кеткен.
“Кыргыз Туусу” гезити Кыргызстан дүйнөлүк демилгелердин ээси, кыргыз жери – акыл-ойдун чордону болуу-су кажет деген ураан таштап жатып, жаңы дүйнөлүк тартипти орнотуу маселесин терең ойлонуу зарылдыгын, биз ага муктаж экенибизди белгилегенбиз.
Демилге кимдики болсо, утуш ошонуку. Ысык-Көл форумунун мураскору катары биз адамзатты түйшөлтө турган талылуу маселелердин бир тобун талкуулаган чоң конференция өткөрсөк, мындай эл аралык форумдун кыргыз жеринде өтүшүнүн саясий-дипломатиялык мааниси талашсыз болмок. Жалгыз-жарым болбой Борбор Азия, Кытай, түрк тилдүү мамлекеттер сыяктуу өнөктөштөр менен өткөрүүнү ойлонсок деле ашыкча болбойт деп ойлойбуз.
Форумдун аягында Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту менен Анкарадагы Чыңгыз Айтматов институтунун директорлору кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.
Түрк тилдүү өлкөлөрдөн келген делегация Ысык-Көлгө барып, Анкарада ачылган Ч.Айтматов институтунун алдыга койгон пландары, түзүмү тууралуу талкуулашат.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”