Өзбекстан жарандарын Түркмөнстан аркылуу алып келди

0
1743

Өзбекстандын Ашхабаддагы элчилиги Түркмөнстандын бийлиги менен биргеликте Иран–Түркмөнстан чек арасындагы «Серахс» көзөмөл-өткөрүү пунктунан 13 өзбек жаранын коопсуз түрдө мекенине узатты. Бул тууралуу Дунё маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Өзбекстандын дипломатиялык өкүлчүлүгү жана Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги келген жарандардын визалык жана транспорттук маселелерин чечүү боюнча чараларды көрүп жатат.

2-марттан тарта Түркмөнстан–Иран мамлекеттик чек арасындагы төмөнкү өткөрүү пункттарынын иши кайра жанданды: «Гаудан–Баджгиран», «Артик–Лютфабад», «Акяйла–Инчебурун», «Олтин Асир–Инчебурун».

Бул өткөрмө бекеттер жарандардын жана транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн ачылган.

Өзбекстандын элчилигинин кызматкерлери мекендештерин «Гаудан–Баджгиран» чек ара пунктунда дипломатиялык миссиянын автоунаалары менен тосуп алып жатышат.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз