Кыргызстан курулуш тармагындагы өсүү боюнча КМШда мыкты аталды

0
8243

Адылбек Касымалиев — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Президенттин Администрациясынын Жетекчиси — Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты.

Жыйын алдында МинКаб Төрагасы борбор калаада жайгашкан министрликке караштуу Республикалык курулушту сертификациялоо борборунун жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Ошондой эле министрликтин имаратынын алдындагы аянтчада ведомстволук бөлүмдөргө жана көчмө курулуш лабораторияларына арналган унааларды көрүп чыкты.

Коллегиянын жүрүшүндө курулуш тармагынын жыйынтыктары жана министрликтин акыркы жылдардагы ишмердүүлүгү каралды.

Өз сөзүндө Адылбек Касымалиев курулуш тармагы өлкө экономикасынын негизги кыймылдаткычтарынын бири экенин белгилеп, туруктуу оң өсүш байкалып жатканын айтты.

«2025-жылы курулуш тармагындагы ички дүң продукциянын көлөмү 2019-жылдагы 58,5 миллиард сомго салыштырмалуу 438,5 миллиард сомду түздү. Ошентип, тармак алты жылда сегиз эсеге өстү», — деди МинКаб Төрагасы.

Ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынин маалыматына ылайык, 2024-жылы Кыргызстандын курулуш тармагындагы өсүш 31%дан ашып, КМШ өлкөлөрүнүн ичиндеги эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири болгону айтылды.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдан бери курулуш тармагына 170 миллиард сомдон ашык мамлекеттик инвестиция тартылып, 936 социалдык объект курулуп бүткөрүлгөн. Социалдык инфраструктурага капиталдык салымдар да кыйла өскөн: 2021-жылы 2,7 миллиард сом болсо, 2025-жылы 13,2 миллиард сомго жеткен.

Ошол эле учурда МинКаб Төрагасы тармакта системалуу көйгөйлөр бар экенин белгиледи. Анын ичинде:

  • архитектура жана курулуш тармагындагы мыйзамдык базаны өркүндөтүү;
  • шаар куруу кодексинин долбоорун иштеп чыгууну тездетүү;
  • министрликтин ченемдик-укуктук актыларын инвентаризациялоо.

Мындан тышкары, турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана көп батирлүү турак жайларды курууга мамлекеттик каржылоону көзөмөлдөө маселелери талкууланды.

Жыйынтыгында Адылбек Касымалиев министрликке мыйзамдарды өркүндөтүү, тармактагы ачыктыкты жогорулатуу жана мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлүнүн механизмдерин күчөтүү боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Соңунда ал жарандар жана бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, бюрократиялык процедураларды кыскартуу, иштин ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуу зарылдыгын баса белгиледи.

Коллегиянын жыйынтыгында министрликтин ишине “жакшы” деген баа берилип, тармакты мындан ары өнүктүрүү үчүн олуттуу потенциал бар экени белгиленди.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз