Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктардын абалы тууралуу маалымат берилди

0
5023

Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Жогорку Кеңештин жыйынында Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү Кыргызстандын жарандарынын абалы тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, куралдуу кагылышуу Иран, Сауд Аравия, Кувейт, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ), Бахрейн жана Катарды камтыды. Буга байланыштуу аталган мамлекеттер өз аба мейкиндигин жаап, ал эми Түркия менен Оман жарым-жартылай чектөөлөрдү киргизишти.

Жалпысынан бул өлкөлөрдө 20 миңге жакын Кыргызстандын жараны бар. Эң татаал кырдаал 10 миңдей кыргызстандык жашаган БАЭде байкалууда. Алардын ичинен 1200 адам эвакуациялоо өтүнүчү менен кайрылган, калгандары резидент болуп саналат жана ал жакта иштеп, жашоосун улантууда.

«Президенттин тапшырмасы менен 5-мартка караган түнү Оман аркылуу каттамдарды уюштуруу пландалууда. Эки учактын келиши күтүлүүдө. Консулдук кызматтар тизмелерди түзүп, мекендештерди учуп кете турган жерге жеткирүүнү камсыз кылууда. Биринчи кезекте 360 адам — аялдар, балдар жана кары-картаңдар эвакуацияланат», — деди ал.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз