Башкы беткеСаясат жана коомКоомЭнергетика министрлиги: Кыргызстанда күйүүчү майдын запасы жетиштүү

Энергетика министрлиги: Кыргызстанда күйүүчү майдын запасы жетиштүү

Бүгүн энергетика министрлиги өлкөдө күйүүчү майдын запасы жетиштүү экенин билдирди. Маалыматка караганда, Орусия киргизген күйүүчү май экспортун чектөө Кыргызстанга тиешеси жок.

Маалыматта айтылгандай, Кыргызстанда күйүүчү майдын жылдык керектөөсү орто эсеп менен 1,6 млн тоннаны түзөт. Анын 93 пайызы Орусиядан импорттолот. 2025-жылга карата сүйлөшүлгөн көлөмдүн бир бөлүгү аткарылып, жеткирүүлөр алдыдагы айларда да уланат. Ошондой эле 2026-жылга жаңы көлөмдөрдү макулдашуу боюнча иштер жүрүүдө.

Министрлик күйүүчү майдын жай айларынан тартып кымбатташын дүйнөлүк мунай баасынын өсүшү жана Орусиядагы айрым заводдордогу оңдоо иштери менен түшүндүрдү. Ошол эле учурда ички рыноктун туруктуулугун камсыз кылуу үчүн зарыл чаралар көрүлүп жатканы белгиленди.

Бир күн мурда Мунай ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы көтөрүлүшү мүмкүн экенин айткан. Анын айтымында, Орусиядагы мунай заводдорунан Кыргызстанга май сатуу боюнча сунуштар азайып, баасы өсүүдө.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар