Кыргызстан Кытай, Түркия, Беларусь жана Вьетнам менен катар, орусиялык бренддер кийим тигүүгө буйрутма берген алдыңкы беш өлкөнүн катарына кирди. Бул тууралуу PROfashion басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, 2022-жыл кыргызстандык жеңил өнөр жай үчүн чоң жылыш болгон. Россиядан чет элдик бренддер чыгып кеткенден кийин Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылды. Натыйжада Россияга жеңил өнөр жай товарларынын экспорту эки эсеге, ал эми кийим-кече экспорту төрт эсеге өсүп, болжол менен 200 миллион долларга жетти.
«Легпром» ассоциациясынын президенти Сапарбек Асановдун айтымында, Россия рыногу Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ. Бүгүнкү күндө өлкөнүн продукциясы Россиянын 50дөн ашык шаарына, Казакстандын 17ден ашык шаарына, ошондой эле Тажикстанга, Өзбекстанга жана Түркмөнстанга жөнөтүлүүдө.
Кыргызстандык тигүүчүлөр, өзгөчө плюс-размер кийимдери менен орусиялык сатып алуучулардын ишенимине кирип, кытайлык товарлардын ордун толтуруп жатат. Ассоциация өндүрүшчүлөргө көргөзмөлөргө катышууга жана орусиялык сатуучулар менен байланыш түзүүгө жардам берип келет.
Эксперттер кыргыз ишканаларынын мобилдүүлүгүн жана ийкемдүүлүгүн белгилеп, алар орусиялык стандарттарга жана размердик торчолорго (40–64) ылайык иштеп жатканын, сапат жана баа жагынан атаандаштыкка жөндөмдүү экенин айтышууда. Мындан тышкары, ЕАЭБге мүчөлүк логистиканы жеңилдетип, товар жеткирүүнү тездетет.

