Мексика бийликтери маалымдагандай, кырсык өлкөнүн түштүгүндөгү Оахака штатында болгон. Ал жердеги поезддин башкы локомотиви рельстен чыгып кеткен, поездде 250 адам болгон. Азырынча 13 кишинин каза болгону жана ондоп жаракат алгандары маалымдалды, анын ичинде абалы оор жарандар да бар.
Кырсыктын себептери боюнча иликтөө жүрүп жатат. Мүмкүн болгон версиялар катарында поездин же рельстин техникалык бузулушу, ошондой эле адам фактору каралууда.
Белгилеп кетүүчү нерсе, кырсык 2023-жылы ачылган Интерокеандык коридор долбооруна тиешелүү жаңы маршрутта болгон. Бул маршрут Тынч океан менен Атлантика океанын Америка аркылуу туташтырууну көздөйт.

