Башкы беткеРубрикаларАймактарОш шаарында бир жылда 81 чакырым унаа жолу оңдолду

Ош шаарында бир жылда 81 чакырым унаа жолу оңдолду

2025-жылы Ош шаарында курулуш жана инфраструктура тармагында бир катар иштер аткарылды. Мэр Жеңишбек Токторбаев билдиргендей, жыл ичинде 81 чакырым унаа жолу жана 25 чакырым тротуар курулду.

Ошондой эле 10го жакын жаңы сейил бак пайдаланууга берилди. Билим берүү жана саламаттык сактоо багытында республикалык бюджеттен каржыланган 1 бала бакча, 1 мектеп жана 1 ФАП пайдаланууга берилди. Дагы 2 бала бакча жакын арада ачылат. Мындан тышкары, 4 мектеп жана 2 бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Шаар тургундары үчүн балдар ойноочу 50 аянтча курулуп, 7 социалдык объект реконструкцияланды. Мэр Жеңишбек Токторбаев белгилегендей, бул иштер Ош шаарынын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган.

 

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар