Башкы беткеСаясат жана коомКоомУКМК: Улуттук илимдер академиясынын имараттары менчиктештирилип кеткен

УКМК: Улуттук илимдер академиясынын имараттары менчиктештирилип кеткен

“Козголгон кылмыш ишинин алкагында, КР УИАнын айрым кызмат адамдары жеке кызыкчылыктарын көздөп, жеке баюу максатында ишкерлер менен кылмыштуу бүтүмгө кирип, аларга мыйзамсыз бөлмөлөрдү берип, тиешелүү эсептик жоопкерчиликтерди айланып өтүп, ижара акысы үчүн өз алдынча акча алышканы аныкталган”, -деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, жүргүзүлгөн текшерүүдө өлкөнүн бардык аймагы боюнча 20га жакын объект менчиктешип кеткени аныкталган.

Белгилей кетсек, “Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” мыйзамга ылайык, мекеменин мүлкү мамлекеттик менчик болуп саналат.

Коррупцияга каршы күрөштүн алкагында УКМК, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги жана башка органдар мурда мамлекеттик кызматта иштеп мыйзамсыз кирешеге ээ болгон адамдардан акча каражаттары, менчиктештирип алган мамлекеттик мүлкү, жер тилкелерин кайтарып жатат.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар