Башкы беткеРубрикаларЭкономикаКытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу үчүн Кыргызстанда 29 тоннель курулат

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу үчүн Кыргызстанда 29 тоннель курулат

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун республика аймагындагы бөлүгүнүн жарымынан көбү тоннелдер аркылуу өтөт.

Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоордо 29 тоннелдин курулушу каралган, жалпы узундугу 104,83 чакырымды түзөт.

«29 тоннелдин баарында (анын ичинде узундугу 5 чакырымдан ашкан 8 тоннель) жер астындагы казуу иштери жүргүзүлүүдө. Коридор боюнча жалпы үч ири тоннель куруу пландалган, ар биринин узундугу 12 чакырымдан ашат», — деп айтылат кабарда.

Ошондой эле темир жолдун бүт аймагы боюнча 192 миң 323 чакырым убактылуу жол курулганы кошумчаланды. Төрт трансформатордук станция орнотулуп, 2 095 мамы коюлган жана 259 чакырым электр зымы тартылган.

Кыргызстан — Кытай — Өзбекстан темир жолунун жалпы узундугу болжол менен 530 чакырымдан ашат, анын ичинен 304 чакырымга жакыны Кыргызстандын аймагынан өтөт.

 

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар