Башкы беткеМаанилүүМаданият министрлигине автобустар тапшырылды

Маданият министрлигине автобустар тапшырылды

Бүгүн Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы эски аянтта Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине жаңы унаалар салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Маданият министрлигине караштуу маданият жана искусство мекемелеринин жетекчилери, кызматкерлери жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Жалпы 72 унаа тапшырылды.

Анын ичинен:

51 орундуу — 5 чоң автобус

37 орундуу -10 автобус

15 орундуу — 57 маршрутка

Белгиленгендей, тапшырылган унаалар маданий иш-чараларды, фестивалдарды жана жаштар саясатын өнүктүрүүгө багытталган иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн пайдаланылат.

Бул техника аймактарда логистиканы жакшыртып, маданий жана жаштар демилгелерин ыкчам ишке ашырууга жана түзүлгөн кырдаалдарга өз учурунда жооп кайтарууга мүмкүндүк берет.

Иш-чара өлкөдөгү маданият менен жаштар саясатын өнүктүрүүгө арналган кеңири реформалардын алкагында ишке ашууда.

Министрлик автопаркты жаңылоо эми уюштуруу иштерин жакшыртып, өлкөнүн маданий жана маалыматтык чөйрөсүн өнүктүрүүгө багытталган негизги долбоорлорду ишке ашырууну тездетет деп ишенет.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар