Күн мурун Женева шаарында БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 61-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги сегментинин алкагында Кыргызстан дипломатиялык кабыл алуу уюштурду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарада тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев сөз сүйлөп, дүйнөдө күч алып жаткан жаңжалдар жана климаттык чакырыктар шартында аталган кеңеш адам укуктарынын бузулушун алдын алуучу маанилүү эл аралык аянтча экенин баса белгиледи.
Министр Кыргызстандын кеңештеги мүчөлүгү декларативдүү эмес, практикалык мазмунга ээ экенин айтып, бул багыт өлкөнүн ички жана тышкы саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналарын белгиледи. Ошондой эле ал эл аралык институттарды реформалоо жана мамлекеттердин адилеттүү өкүлчүлүгүн камсыз кылуу боюнча Кыргызстан ырааттуу позицияны кармана берерин билдирди.
Жолугушууда Фергана өрөөнүндөгү көп жылдык чек ара маселелеринин жөнгө салынышы Борбор Азиядагы коопсуздук жана ишенимди чыңдоого өбөлгө болгону айтылды. Мындан тышкары, министр 2026-жылы өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана 2027-жылы өтүүчү II Глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.
Сөзүнүн соңунда Кыргызстан гуманизм принциптерин коргоого жана глобалдык тынчтыкты бекемдөөгө багытталган көп векторлуу саясатын уланта берерин белгиледи.


