Маданият жана искусствону өнүктүрүү программасы бекитилди

0
7636

Министрлер кабинети 2026–2030-жылдарга маданият жана искусствону өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын бекитти. Бул документ тармакты колдоонун негизги багыттарын, реформаларды жана каржылоо көлөмүн аныктаган узак мөөнөттүү план болуп саналат.

Программага ылайык, маданият тармагына системалуу инвестиция тартуу, инфраструктураны жаңылоо, чыгармачыл жамааттарды колдоо жана кадрларды даярдоо иштери жүргүзүлөт. Башкаруу системасын өркүндөтүү менен катар материалдык-техникалык база да жаңыртылмакчы.

Алдыдагы беш жылда китепканалар реорганизацияланып, аймактарда үлгүлүү маданий борборлор түзүлөт. Музей иши боюнча илимий-методикалык борбор ачылып, Улуттук көркөм сүрөт музейинде реставрациялык устакана уюштурулат. 2030-жылга чейин 4 миң музей экспонатын санариптештирип, аларга ачык жеткиликтүүлүк камсыз кылуу пландалууда.

Театр тармагына жана гастролдук ишмердикке өзгөчө көңүл бурулат. 2027–2029-жылдары гастролдорду уюштурууга жана театр мекемелеринин иш форматын жаңылоого 300 млн сом каралган. Чыгармачыл союздарды колдоого 45 млн сом, улуттук драматургияны өнүктүрүүгө 18 млн сом, музейлерди санариптештирүүгө 19,5 млн сом, китепканаларды жаңылоого жана үлгүлүү мекемелерди түзүүгө 85,1 млн сом бөлүү пландалууда.

Жалпысынан 2026–2030-жылдар аралыгында негизги иш-чараларга 500 млн сомдон ашык каражат каралган. Каржылоо республикалык бюджеттин чегинде жана мыйзамда тыюу салынбаган башка булактардан жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, 2030-жылга чейин маданият тармагындагы 609 жетекчи жана кызматкер квалификациясын жогорулатат. Адистерди даярдоочу методикалык борбор түзүү да каралган. Бул аймактардагы маданий мекемелердин ишин күчөтүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз