Учак ичинде мода көргөзмөсү… Кыргызстанда алгачкы жолу өттү

Кыргызстанда биринчи жолу өзгөчө форматтагы маданий долбоор ишке ашып, Бишкек–Каракол багытында учуп бара жаткан учактын ичинде мода көргөзмөсү уюштурулду.

Көргөзмөнүн негизги бөлүгүн дизайнер Айпери Обозованын автордук коллекциясы түздү. Ал кыргыздын улуттук орнаменттерин заманбап стил менен айкалыштырып, этникалык мода аркылуу маданиятты таанытып келет.

Иш-чара учуу маалында өтүп, моделдер учактын ичинде дефиле жасап, коллекцияны көрүүчүлөргө сунушташты. Көргөзмөгө блогерлер, артисттер жана жүргүнчүлөр катышып, айрымдары үчүн бул күтүүсүз сюрприз болду. Долбоор Маданият министрлиги, “Манас” эл аралык аэропорту жана Asman Airlines компаниясынын колдоосу менен ишке ашты. Идеянын автору — режиссёр Олеся Семикоз. Бул демилге өлкөнүн креативдүү индустриясынын мүмкүнчүлүгүн көрсөтүп, аймактагы уникалдуу долбоорлордун бири болуп калды.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз