Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасында 21-апрелден 13-майга чейин “Жер менен шайкештикте”, (“Walking with the Earth”) аттуу эл аралык көргөзмө өтүп жатат.
Бул көргөзмө Азия жана Африкадагы түптүү элдердин маданиятына, алардын жаратылыш менен гармонияда жашоо философиясына арналган. Анын негизги идеясы — адам Жерден бөлөк эмес, анын ажырагыс бөлүгү экенин түшүндүрүү. Иш-чаранын алкагында алгач ирет кыргыз уста, ууздарынын жана сүрөтчүлөрүнүн кол өнөрчүлүк эмгектери дүйнөлүк деңгээлде сунушталууда. Бул Кыргызстан үчүн маданий мурастын жана көчмөн цивилизациянын искусствосун эл аралык аренада таанытууда маанилүү кадам болуп саналат.
Көргөзмөнүн кураторлору — кыргызстандык арт-менеджерлер Миррахим Опош жана Айбек Байымбетов. Алар “БАШАТ” (Origins) программасынын алкагында кыргыз искусствосун дүйнөлүк түптүү элдердин диалогуна кошуп жатышат.
Экспозиция Борбордук жана Ички Азиядагы кийиз маданиятынан тартып Чыгыш Африкадагы мал чарбачылык салттарына чейинки көркөм практикаларды бириктирет. Ар бир чыгарма адам менен табияттын ортосундагы байланыш, экологиялык тең салмактуулук жана муундар аралык билимди сактоо идеяларын чагылдырат.
Көргөзмө БУУнун Түптүү элдер боюнча туруктуу форумунун 25-сессиясынын алкагында өтүп, 2026-жыл — жайыттар жана малчылар жылы темасы менен үндөшөт.
Долбоор Дүйнөлүк түптүү элдердин руханий практиктер союзу тарабынан ишке ашырылып жаткан Origins программасынын бир бөлүгү болуп саналат. Ага маданий уюмдар, эл аралык өнөктөштөр жана ЮНЕСКО сыяктуу институттар колдоо көрсөтүүдө.
“Walking with the Earth” көргөзмөсү маданиятты сактоо, экологиялык жоопкерчилик жана түптүү элдердин мурастарын дүйнөгө таанытуу багытындагы маанилүү эл аралык аянтча болуп саналат.
