Башкы беткеМинистрлер кабинетиБорбордо эл аралык транспорттук форум өтүүдө

Борбордо эл аралык транспорттук форум өтүүдө

Баш калаада “Кыргызстан – аймактык хаб: континенттерди бириктирүүчү” деп аталган эл аралык транспорттук форум өтүүдө. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматында, форумга Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин транспорт министрлери, Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) транспорт министрлери, ошондой эле чет мамлекеттердин тиешелүү мекемелеринин өкүлдөрү, эл аралык уюмдар жана каржылык институттар, илимий мекемелердин өкүлдөрү катышууда.

Иш-чаранын күн тартибине ылайык, аймактагы эл аралык транспорттук-логистикалык коридорлордун ролу ошондой эле транспорттук ташууларды өнүктүрүүдөгү мааниси талкууланууда.

Жыйындын негизги максаты ага катышып жаткан өлкөлөр ортосундагы транспорттук кызматташууну өнүктүрүү, мурда кабыл алынган демилгелерди ишке ашыруу жана мындан аркы биргелешкен аракеттерди координациялоо болуп саналат.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар