Сауд Арабиясында жол кырсыгынан 40тан ашык индиялык паломник каза тапты

17-ноябрда Сауд Арабиясында Меккеден Мединага бара жаткан автобус бензовоз менен кагылышып, 40тан ашык индиялык паломник кырсыкта каза болду. Көпчүлүк жүргүнчүлөр окуя болгон жерде көз жумган.

Өрт өчүргүчтөр жана дарыгерлер жабыркагандарга жардам көрсөтүүгө келген. Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Джайшанкар каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты жана Сауд Арабиясындагы дипломаттар жабыркагандарга жана алардын жакындарына жардам берип жатканын билдирди.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз