Бангкокто Кыргызстандын төрагалыгы алдында СПЕКАнын министрлер жыйыны өттү

22-апрелде Таиланддын борбору Бангкок шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында СПЕКАнын министрлер жыйыны болду. Жыйынга Кыргызстандын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов төрагалык кылды.

Бул жыйын 2026-жылы СПЕКАга төрагалык кылып жаткан Кыргызстандын алкагында өткөрүлгөн алгачкы иш-чара болуп саналат. Жыйында Кыргызстандын төрагалыгынын негизги артыкчылыктарынын бири катары Борбордук Азиядагы транспорттук жана логистикалык байланыштарды өнүктүрүү маселеси белгиленди. Бул максатта бир катар багыттар аныкталды.

Алардын ичинде аймактык транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, “Орто коридорду” кеңейтүү жана Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу долбоорун илгерилетүү бар. Ошондой эле транспорттук коридорлорду санариптештирүү жана маалымат алмашууну жакшыртуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргызстан 2027-жылга чейин жүк ташуулар боюнча электрондук маалыматтарды колдонууга өтүү демилгесин колдоп, бул стандарттарды киргизүүдө пилоттук өлкө болууга даяр экенин билдирди. Мындан тышкары, соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, чек ара аралык кагазсыз соодага өтүү, электрондук коммерцияны өнүктүрүү жана “кургак порттор” боюнча кызматташтыкты күчөтүү маселелери талкууланды.

Бул багытта Кыргыз Республикасы ЭСКАТО тарабынан координацияланган чек ара аралык кагазсыз соода боюнча Рамкалык макулдашууга кошулган. Учурда өлкөдө кагазсыз соодага өтүү боюнча улуттук иш-аракеттер планы даярдалып жатат.

Белгилей кетсек, СПЕКА программасы Бириккен Улуттар Уюму тарабынан 1998-жылы түзүлүп, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүгө жана аларды дүйнөлүк экономикага интеграциялоого багытталган.

Кыргызстан 2026-жылга СПЕКАнын төрагасы болуп Ашхабад шаарында өткөн жыйында шайланган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз