whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
12.11.2025
8.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүКыргызстандын президенти БУУнун Коопсуздук Кеңешин реформалоону сунуштады

Кыргызстандын президенти БУУнун Коопсуздук Кеңешин реформалоону сунуштады

Башкы Ассамблеянын мааракелик сессиясында Садыр Жапаров БУУнун Коопсуздук Кеңешинин ишин өркүндөтүү жана реформалоо убактысы келгенин билдирди. Ал өз сөзүндө төмөндөгүлөргө токтолду:

БУУнун мурунку башкы катчысы Даг Хаммершельд өз убагында таамай айткандай: “Бириккен Улуттар Уюму адамзатты бейишке алып баруу үчүн эмес, адамзатты тозоктон сактап калуу үчүн түзүлгөн” деген сөзү бар.

Бүгүнкү күндө бул сөздөр мурдагыдан да актуалдуу. Уюм согуштун үрөй учурган азаптарынан жаралган, бирок кызматташтыкка, диалогго жана сый-урматка болгон ишенимдин аркасында жашап келе жатат.

Бүгүнкү күндө анархияга жана бир тараптуу чечимдерге каршы калкан катары көп тараптуу системаны сактоо жана өнүктүрүү мурдагыдан да маанилүү.

Заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга адекваттуу эл аралык жаңы механизмдерди түзүү зарылдыгы бышып жетилди.

Биздин Уюм өзгөрүүлөргө муктаж жана бул – учурдун талабы, азыркы реалдуулук.
Ушул контекстте биз «БУУ-80» аталышындагы БУУнун системасын реформалоо боюнча Башкы катчынын аракеттерин колдойбуз.

Мындан тышкары, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин ишин өркүндөтүү жана реформалоо убактысы келди.

Азыркы учурда БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 15 мүчөсү дүйнөнүн бардык мамлекеттеринин тагдырын иш жүзүндө чечип жатышат. Алардын биргелешкен позицияга келүүсүнөн согуш менен тынчтык, коопсуздук жана туруктуулук маселелери көз каранды.

Мындан да маанилүүсү, Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсү туура эмес чечимдерге ар дайым бөгөт коюу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Кыргызстан Коопсуздук Кеңешин өркүндөтүү боюнча керектүү чараларды көрүүнү зарыл деп эсептейт жана бул чаралар көпчүлүк мамлекеттердин кызыкчылыгын эске алышы керек”.

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар