Айрым маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда молдовалык ишкер Илан Шор Кыргызстанда жашап жатканы жана өлкөдө бизнес жүргүзүп жатканы тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын айтымында, Илан Шор Кыргызстандын аймагында жашабайт жана өлкөдө эч кандай саясий же ишкердик ишмердүүлүк жүргүзбөйт.
Ошондой эле ал жалган маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырып, маалыматты тактап туруп гана жарыялоону эскертти.
