Кыргызстанда дарыгерлер, мугалимдер, маданият жана спорт тармагында иштеген кызматкерлердин эмгек акысы акыркы жылдары этап-этабы менен жогорулатылып келсе, 2026-жылдын 1-апрелинен тарта орточо 100% көбөйдү. Бул боюнча Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков маалымдады.
Мындан тышкары, реформанын алкагында ай сайын 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм киргизилди. Бул чаралар социалдык тармактагы кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртып, кадрлардын агылып кетүүсүн азайтууга багытталган.
Мисалы, мурда шаарда иштеген жаш мугалим орто эсеп менен 14 миң сом алса, азыр анын айлыгы 39 миң сомго жетти. Салык төлөмдөрүнөн кийин колуна болжол менен 32 миң сом тийет. Ал эми тоолуу аймакта 30 жылдан ашык стажы бар тажрыйбалуу мугалимдин айлыгы 104 миң сомго чейин өсүп, колуна 90 миң сомдун тегерегинде акча алууда.
Ошондой эле башталгыч дарыгерлердин айлыгы 17 миң сомдон 42 миң сомго чейин жогорулады. Ал эми тоолуу аймакта көп жылдык тажрыйбасы бар дарыгерлердин эмгек акысы 91 миң сомго жетип, колуна орточо 75 миң сом тийүүдө.
Жыйынтыгында, мугалимдердин айлыгы 35 миң сомдон 100 миң сомго чейин, ал эми дарыгерлердики 40 миң сомдон 90 миң сомго чейин жана андан жогору деңгээлге чыкты. Бул жогорулатуу жалпысынан 300 миңге жакын социалдык кызматкерди камтыйт.
