Башкы беткеЖогорку КеңешАлтынбек Кудайбердиев ЕКПА жыйынына катышууда

Алтынбек Кудайбердиев ЕКПА жыйынына катышууда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алтынбек Кудайбердиев Франциянын Страсбург шаарында өтүп жаткан Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын (ЕКПА) жазгы жыйынына катышууда.

Иш-чаранын алкагында ал Ассамблеянын жалпы жыйынына, саясий маселелер жана демократия боюнча комитеттин отурумуна катышты.

Ошондой эле Алтынбек Кудайбердиев ЕКПАнын президентинин орун басары Рубен Рубинян менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады. Жолугушууда Кыргызстандагы парламенттик шайлоого эл аралык байкоочулардын, анын ичинде ЕКПА өкүлдөрүнүн да катышканы белгиленди.

Мындан тышкары, өлкөдө айым депутаттардын саны өсүп, бул дүйнөлүк деңгээлде жогору көрсөткүч экени айтылды.

Депутат Түркия делегациясы менен да жолугушуп, парламенттер аралык байланыштарды талкуулап, аларды Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырды.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар