Башкы беткеРубрикаларБилим берүүМедициналык билим берүү жаатындагы кыргыз-кытай кызматташтыгы чыңдалат

Медициналык билим берүү жаатындагы кыргыз-кытай кызматташтыгы чыңдалат

Билим берүү жана илим министрлигинде Кытайдын Шандунь университетинин алдындагы Цилу ооруканасынын делегациясы менен жолугушуу 15-апрелде өттү.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Исираилова катышты.

Тараптар клиникалык билим берүү жана илимий изилдөөлөр багытында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле медициналык билим берүү боюнча тренингдерди жана мастер-класстарды уюштуруу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосунда академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Кытай делегациясы Шандунь университети жана Цилу ооруканасынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, кыргыз билим берүү мекемелери менен кызматташууга даяр экенин билдиришти.

Айнура Исираилова кызматташууну академиялык мобилдүүлүк программаларынан баштоону сунуштады. Анын айтымында, учурда Кыргызстанда 34 жогорку окуу жайы медициналык билим берүү программаларын ишке ашырууда. Бул сунушту Цилу ооруканасынын делегациясы колдоду.

Гезит

Где искать спрос

Центральная Азия как рынок для Кыргызстана        Регион перестает быть периферией мировой экономики и все больше функционирует как самостоятельный рынок. Внутрирегиональная торговля растет, производственные связи...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар