whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.07.2025
27.8 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыУкраина Оттава конвенциясынан чыгууну көздөйт

Украина Оттава конвенциясынан чыгууну көздөйт

Euronews агенттиги маалымдагандай, Украина жөө аскерге каршы миналарды колдонууга, сактоого жана чыгарууга тыюу салган Оттава конвенциясынан чыгууну көздөйт. Бул кадам жакында Финляндия, Польша, Латвия, Литва жана Эстония сыяктуу өлкөлөр ушул эле келишимден чыгарын билдиргенден кийин жасалды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский жекшембиде кол койгон жарлыкта өлкө Оттава конвенциясынан чыга турганы көрсөтүлгөн. Бул келишим 1997-жылы кабыл алынып, ага 160тан ашык мамлекет кошулган. Максаты — согуш бүткөндөн кийин жөө аскерге каршы миналардан карапайым калкты коргоо болчу.

“Жөө аскерге каршы мина — көп учурда коргонуу үчүн башка альтернативасы жок курал. Орусия бул конвенцияга эч качан кошулган эмес жана миналарды колдонуп келет”, — деди Зеленский. Ал бул чечимди “саясий коңгуроо” деп мүнөздөп, бул маселе Орусия менен чек аралаш бардык өлкөлөр үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Украинанын Жогорку Радасындагы улуттук коопсуздук комитетинин катчысы Роман Костенконун айтымында, чечим толук күчүнө кириши үчүн аны парламент да жактырышы керек.

2022-жылдан бери орус агрессиясына каршы күрөшүп келе жаткан Украина бүгүн дүйнөдөгү эң кооптуу — миналарга толгон өлкө болуп калды. Euronews буга чейин жазгандай, Украинанын аймагын толук тазалоого 30 жылга чейин убакыт кетиши мүмкүн.

Украиналык маалымат каражаттары билдиргендей, Куралдуу күчтөр бошоткон аймактарда мина коркунучу жогору бойдон калууда. Бул кырдаал жөө аскерге каршы миналарды колдонуу зарылдыгын жаратып жатат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар