Башкы беткеСаясат жана коомКоомQR-КОД аркылуу соттордун ишин баалаңыз

QR-КОД аркылуу соттордун ишин баалаңыз

Сот адилеттүүлүгүнүн сапатын жогорулатуу максатында, ошондой эле коомчулук бул өзгөрүүлөрдү кандай кабыл алып жатканын билүү үчүн бардык сот имараттарына QR-коддор камтылган маалыматтык такталар орнотулду.

QR-код аркылуу жарандар сот тутумунун жалпы ишине карата пикирлерин калтыра алышат. Бул механизм бир нече маанилүү милдеттерди аткарат. Сот ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын камсыздайт. Жарандарга соттук териштирүүлөр, судьялардын кесипкөйлүгү жана чечимдердин адилеттүүлүгү боюнча өз ойлорун билдирүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Сот системасынын ачык-айкындуулугун жогорулатуу, соттордун ишмердүүлүгүн баалоо максатында республика боюнча 72 соттун имараттарына атайын QR-коддор орнотулуп, иштеп баштады.

QR-код аркылуу жаран сот тармагындагы бардык иш-аракеттерге, сот кызматкерлеринин мамилесине, соттордогу түзүлгөн шарттарга карата өз пикирин билдире алат.

Белгилей кетсек, QR-код аркылуу пикир билдирүү, соттордун ишине баа берүү жашыруун түрдө жүргүзүлгөндүктөн, ким жазгандыгы аныкталбайт.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар