Иран АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасына катышуудан баш тартты

Иран АКШ менен пландалган сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасына катышуудан баш тартты. Бул тууралуу IRNA мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди.

Агенттиктин маалыматына ылайык, мындай чечим Вашингтондун “ашкере талаптары”, “реалдуу эмес күтүүлөрү” жана позициясынын тез-тез өзгөрүшү менен байланыштуу. Ошондой эле Иран тарап АКШ тарабынан жүргүзүлүп жаткан деңиз блокадасын ок атышууну токтотуу режимин бузуу катары баалаган. Маалыматта айтылгандай, Исламабад шаарында сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы өтөт деген маалыматтар чындыкка дал келбейт.

Иран тарап АКШ тараптан тараган билдирүүлөрдү “медиалык басым” катары баалап, сүйлөшүүлөргө тоскоол болуп жаткан негизги факторлор катары карама-каршылыктуу билдирүүлөрдү жана санкциялык мүнөздөгү аракеттерди атады.

Маалыматта азыркы шартта тараптар ортосунда жемиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү чектелүү экени белгиленди.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз