Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2025-жылдагы иш жыйынтыктарын жана 2026-жылга карата пландарын караган жыйын өткөрдү.
Отурумда Талантбек Солтобаев министрликтин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, жол куруу, каржылоо жана санариптештирүү багытындагы иштер тууралуу баяндама жасады. Маалыматка ылайык, 2021–2025-жылдары жол тармагын каржылоо эки эсеге өсүп, ушул мезгил аралыгында өлкө боюнча 3 684 чакырымдан ашык жол курулуп жана оңдолгон. Анын ичинде 2025-жылы эле 1 545 чакырым жол пайдаланууга берилген.
2026-жылга карата Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 1 500 чакырымдан ашык жолду куруу жана оңдоо милдетин алган. Учурда республика боюнча 30га жакын ири инфраструктуралык долбоор ишке ашырылууда. Эрлист Акунбеков быйыл өлкөдө маанилүү эл аралык иш-чаралар — Шанхай кызматташтык уюму саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлөрүн белгилеп, жол тармагындагы иштерди өз убагында жана сапаттуу бүтүрүүнү тапшырды.
Ошондой эле Садыр Жапаров Ош облусунда көтөргөн жол маселелерин ыкчам чечүү зарылдыгын эскертип, жайкы туристтик мезгилге даярдыкты күчөтүүнү, жолдорду оңдоо жана кеңейтүү иштерин активдештирүүнү тапшырды.
