Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин тогузунчу жыйыны башталды. Иш-чара «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүүдө.
Борбор калаага уюм өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо министрлери жана делегациялары келип, саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашууда.
Жыйындын күн тартибинде бир катар темалар каралган, анын ичинде жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу, тармактын кадрдык потенциалын чыңдоо, медициналык инфраструктураны жаңылоо, ошондой эле саламаттык сактоону санариптештирүү жана инновациялык технологияларды киргизүү бар.
Бул кеңешме тажрыйба алмашуу, биргелешкен ыкмаларды иштеп чыгуу жана ШКУ өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуусун мындан ары бекемдөө үчүн маанилүү аянтча болот деп күтүлүүдө.