Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыФранция менен Жаңы Каледония тарыхый келишим түздү

Франция менен Жаңы Каледония тарыхый келишим түздү

Politico басылмасынын маалыматына ылайык, Парижде өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Франция жана Тынч океанындагы Жаңы Каледония автономия тууралуу тарыхый келишимге кол коюшту.

Бул келишимге ылайык, Жаңы Каледония кеңейтилген өз алдынчалык укугуна ээ болот. Документте атайын “Жаңы Каледония жарандыгы” түшүнүгү киргизилип, кош жарандуулук мүмкүнчүлүгү каралган. Бул аймактын тургундарына эл аралык мамилелерди жүргүзүү укугу да берилет.

Келишим Жаңы Каледониянын Франция курамында калуусун шарттайт, бирок аймак өз алдынча чечимдерди кабыл алуу жаатында мурдагыдан кеңири укуктарга ээ болот. Бул аймактын саясий, экономикалык жана маданий өз алдынчалыгын арттырууга жол ачат.

Эми келишимди ишке ашыруу үчүн ал Жаңы Каледонияда референдум аркылуу добушка коюлушу керек. Андан соң Франция парламенти тарабынан дагы бекитилиши зарыл. Бул процесстер ийгиликтүү өткөндө, келишим расмий күчүнө кирет.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар