whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
21.03.2025
11.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүЖээнбек Кулубаев БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Гравени кабыл алды

Жээнбек Кулубаев БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Гравени кабыл алды

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Улуттар Уюму тутумунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Гравени кабыл алды.

ТИМден билдиршкендей, тараптар Кыргыз Республикасы менен БУУнун ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулап, 2024-жылда биргеликте жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгын чыгарышты жана 2025-жылга карата кызматташуу пландарын, алдыдагы иш сапарларды, регионалдык жана эл аралык күн тартибин талкуулады.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө 2023-2027-жылдарга Туруктуу өнүгүү жаатында кызматташуу боюнча БУУ тутумунун алкактык программасын ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Жээнбек Кулубаев июль айында БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында Туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашыруу боюнча экинчи Улуттук ыктыярдуу серепти өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча кыргыз тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кыскача маалымат берди.

БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү үчүн Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан учурдагы долбоорлор боюнча ишти улантууга даяр экендигин белгиледи.

Тараптар Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча улуттук Жол картасын андан ары, анын ичинде эл аралык өнөктөштөрдүн жана донорлордун инвестицияларын тартуу жолу менен практикалык ишке ашыруунун зарылдыгын талкуулашты.

Жээнбек Кулубаев кыргыз тараптын кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастады, ошондой эле БУУ тутумунун Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнө колдоо жана көмөк көрсөтүлө тургандыгына ишендирди.

Өз кезегинде БУУ тутумунун туруктуу координатору анын бардык ишмердүүлүгү КР министрлер кабинетине, мамлекеттик органдарына жана өлкөнүн калкына колдоо көрсөтүүгө багытталганын белгиледи.

Антье Граве жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен БУУ тутумунун ортосундагы өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана бекемдөөгө позитивдүү мамилени белгилеп, бул үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар