Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, саясий илимдеринин кандидаты Бакыт Орунбековдун авторлук жетекчилиги менен жазылган “Эркин Тоо” гезитинин (1924-2024) тарыхы” китебинин 3 томдугу жарык көрдү. Улуттук тунгуч басылмага байланышкан китептер Президент Садыр Жапаров демилгелеген “100 жылдыкка 100 китеп” долбоорунун алкагында чыкты.
Бул китепте “Эркин-Тоо” деген ат менен төрөлүп, кийин “Кызыл Кыргызстан”, “Советтик Кыргызстан”, учурда “Кыргыз Туусу” деген ат менен жашап келаткан гезиттин 100 жылдык тарыхы жазылды. Тунгуч басылманын басып өткөн жолу, ишмердүүлүгү жөнүндө көп жылдык иликтөөлөрдүн, талдоолордун жыйынтыктары жөнүндө кенен кеп болот.
“Бул китеп Кыргызстанда басылмалардын тарыхына байланыштуу жазылган биринчи иликтөө. Азыркы “Кыргыз Туусу” гезитинин 1924-2024-жылдардагы таржымалы Кыргызстандын соңку бир кылымдык тарыхы менен байланышкан көчмөн калкты отурукташтыруу, коллективдештирүү, жер-суу реформасы, бай-манаптарды тап катары жоюу, калктын сабатсыздыгын жоюу, сталиндик массалык репрессия, эл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган беш жылдык пландар, өлкөнү индустриялаштыруу, Улуу Атамекендик согуш, тылдагы эмгек, эл чарбасын калыбына келтирүү, “өнүккөн социализм” доору, коммунизмди куруу идеологиясы, “кайра куруу” желаргысы, эгемен Кыргызстандагы ички-сырткы саясаты жана сөз эркиндиги баалуулуктарынын алкагында талданып жазылып, коомга сунулду”,— дейт Бакыт Орунбеков.