Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Чүй облусунун Сокулук районундагы “Сокулук” жана “Туюк” чакан гидроэлектр станцияларын ишке киргизүү аземине катышты. Мамлекет башчысы өлкөдө кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү ырааттуу жүрүп жатканын белгилеп, чакан ГЭСтер электр энергиясын көбөйтүүнүн натыйжалуу жолу экенин айтты.
Анын айтымында, учурда Кыргызстанда 48 чакан ГЭС иштеп, алардын жалпы кубаттуулугу 180 МВтты түзөт. Бул объекттер энергетикалык көз карандысыздыкты чыңдоодо жана импортко болгон муктаждыкты азайтууда маанилүү роль ойнойт.
Президент белгилегендей, республика боюнча азыр 50 чакан ГЭС курулуп жатат, анын ичинен 13ү быйыл ишке берилет. Бул долбоорлор аймактарда электр камсыздоону жакшыртып, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана жергиликтүү бюджеттерди көбөйтүүгө шарт түзөт.
Садыр Жапаров чакан ГЭСтер “жашыл экономикага” өтүүнүн маанилүү бөлүгү экенин белгилеп, алар экологиялык милдеттенмелерди аткарууга көмөктөшөрүн айтты. Маалыматка ылайык, “Сокулук” жана “Туюк” ГЭСтери Улуттук инвестициялар агенттигинын колдоосу менен “Сокулук ГЭС-3” ЖЧКсы тарабынан ишке ашырылган. Долбоордун жалпы кубаттуулугу 15,6 МВтты түзөт: Сокулук дарыясындагы станция — 9,7 МВт, ал эми Туюктагысы — 5,9 МВт.
Бардык өндүрүлгөн электр энергиясы улуттук энергетикалык системага берилет. Долбоордун жалпы инвестиция көлөмү болжол менен 1,7 млрд сомду түзүп, толугу менен жеке каражаттардын эсебинен каржыланган.
Президент ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСи сыяктуу ири долбоорлор ишке ашса, өлкө келечекте ички керектөөнү толук камсыздап, электр энергиясын экспорттой ала турганын белгиледи. Иш-чаранын соңунда мамлекет башчысы жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, энергетика тармагындагы реформалар өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.
