Башкы беткеЭл аралык мамилеПалестина менен дипломатиялык кызматташтык бекемделет

Палестина менен дипломатиялык кызматташтык бекемделет

Бүгүн, 20-апрелде тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов Палестинанын Кыргызстандагы элчиси Уайлл Ахмед Батрехинин ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрдин орун басары элчини жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, ага кыргыз-палестина мамилелерин өнүктүрүүдө ийгиликтерди каалады. Ошондой эле Кыргызстан Палестина менен өз ара пайдалуу кызматташууга даяр экенин айтты.

Тараптар эки мамлекет ортосундагы кызматташтыктын күн тартибин, атап айтканда, ар кандай тармактардагы кол коюлган документтерди ишке ашырууну талкуулашты.

Өз кезегинде элчи өз ара кызыкчылык жараткан ар кандай багыттар боюнча кызматташууну бекемдөө үчүн зарыл болгон күч-аракетти жумшай турганына ишендирди.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар