Башкы беткеЭл аралык мамилеКыргызстан менен Азербайжан кызматташтыгын кеңейтет

Кыргызстан менен Азербайжан кызматташтыгын кеңейтет

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуу 18-апрелде Анталия дипломатиялык форумунун алкагында өттү.

Анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-азербайжан кызматташтыгынын азыркы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Ошондой эле алдыдагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги жолугушуулар менен расмий сапарлар тууралуу сөз болду.

Тараптар эки өлкөнүн эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы өз ара аракеттенүүсүн мындан ары да бекемдеп, кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгилешти.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар